Ошто сабалган келиндин күйөөсүнө кылмыш иши козголду (видео)

1331

Ошто аялын зөөкүрчүлүк менен сабаган адамга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош областык милициясы маалымдады. Жыл башынан бери түштүк борбордо үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча 7 кылмыш факты катталган. Бирок иш жүзүндө бул көрсөткүч алда канча жогору, дешет укук коргоочулар. Айрым маалыматтар боюнча, ур-токмокко кабылгандардын 90 пайызы — аялдар жана балдар. Милиция кызматкерлери зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүп жатышына аракечтик, баңгилик, материалдык тартыштык себеп болуп жатканын айтышууда. Ал эми бейөкмөт уюмдар үй-бүлөлүк зомбулукка шектелгендердин иши көпчүлүк учурда сотко жетпей калгандыктан, аялдар көп арызданбайт дешет.