Ошто шайлоо мыйзамдары бузулуп жатканы айтылууда (видео)

949

Ош шаардык бийлиги шайлоо мыйзамдарын бузуп жатабы? Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары түштүк борбордун Билим берүү бөлүмү мугалимдерди «форма 2» маалымат баракчасын толтуртуп, өзү катталган шайлоо тилкесинде эмес, башка жерден добуш бердирүү аракетин көрүп жатканын жазып чыгышты. Адистердин айтымында, аткаминерлер мындай аракети менен шайлоо учурунда бюджеттик кызматкерлердин кимге добуш берүүсүн көзөмөлгө алууну көздөп жатышат. Административдик ресурсту тымызын колдонуу аракеттери жүрүп жатканын депутаттар дагы айтышууда.