Ошто спорттук клубдун мушкерлери бири-бири менен чатакташып кетти

984

Ошто белгилүү мушкерлердин ортосунда чыр чыгып, ок атылды. Маалыматка караганда, окуя 21-сентябрда Кара-Суу районундагы Фуркат айылында катталган. Анда белгилүү спорттук клубдун мушкерлери бири-бири менен чатакташып кеткени айтылууда.
Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2 күн мурда Ош областтык ооруканасына санына ок тийген 29 жаштагы Төлөгөн Рахманберди уулу кайрылган. Ал белгисиз адам ок атканын билдирген. Жарадар болгон спортчу алгач жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, андан соң сыныктар бөлүмүнө которулгану кабарланган.
Кийинчерээк ал атышуу болгонун четке кагып, үйүндө экенин билдирген. Бирок Ош областтык милициясы мушкер Төлөгөн Рахманберди уулуна ок тийгенин тастыктады. Азырынча 2 мушкердин ортосундагы чыр-чатак эмнеден улам келип чыкканы белгисиз.
Алдын-ала алынган маалыматтар боюнча, Төлөгөн Рахманберди уулуна ок аткан адам — Ош шаардык спорт комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев болушу мүмкүн. Бул маалымат расмий тастыктала элек. Белгилүү болгондой, экөө тең бир спорттук клубдун мушкерлери жана убагында Азия, Евразия жана дүйнөнү багынткан спортчулар.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.