Ошто стадиондун кароолканасында күн кечирген үй-бүлө (видео)

723

Ошто стадиондун кароолканасында бир үй-бүлө баш калкалап келет. Алты балалуу жалгыз бой эне 6 жылдан бери бул жакта күн кечирүүдө. Өзгөн районунун Кароол айылынын тургундарынын өздөрүнө тийиштүү жеке турак жайы же жер тилкеси жок.
Социалдык жактан абалы оор болгон бул үй-бүлөнү айыл өкмөттүн кызматкерлери убактылуу дал ушул кароолканага жайгаштырышкан. Учурда стадиондун ичинде жашап жаткан эненин жана анын балдарынын эч кимисинин туруктуу жумушу жок.