Ошто талапкерге чагым даярдалып жатабы? (видео)

1292

Президенттикке талапкердин бирине карата чагым уюштурулушу мүмкүн. Бул тууралуу Ош шаарындагы активисттер билдиришти. Алардын айтымында, эки күйндөн кийин түштүк калаада бийликтин талапкеринин негизги атаандашынын ири жолугушуусу пландалууда. Ага бут тосуу үчүн чагымдар даярдалып жатканы тууралуу маалымат бар. Саясаттагы тажрыйбалуу ишмерлердин пикиринде, жеңишке жетүү үчүн ыплас ыкмаларды колдонуунун аягы жакшылыкка алып келбейт. Мындай аракеттер он жыл мурда дагы болуп, эмне менен аяктаганын эл эсинен чыгара элек. Чагымчылык кылуу — корккондуктун, өз күчүнө ишенбегендиктин белгиси, дешет адистер.