Ошто талаптарга жооп бербеген бир нече касапкана жабылды (видео)

793

Ош шаарында бир нече касапкана санитардык талаптарга жооп бербегендиктен улам жабылды. Түштүк борбордун ветеринардык жана фитосанитардык инспекция кызматы шаардын аймагындагы 7 касапкананын ишин токтотту. Калаа жетекчилиги ишкерлерге мал союу иштери бир гана шаардагы эски эт комбинатында жүргүзүлсүн деген талап коюуда. Буга нааразы болгон ишкерлер мэриянын алдына чогулушту.

Алардын айтымында, мал союучу жайларды жабуу боюнча аларга алдын-ала эскертүү берилген эмес. Мындан тышкары, касапканалардын барын бир жерге топтоо аракети жеке тараптардын кызыкчылыгы болушу мүмкүн дешүүдө. Ал эми тиешелүү мамлекеттик органдын өкүлдөрү болсо касапканалардагы кемчиликтер жоюлмайынча кайра иштетүүгө берилбейт.