Ошто Ыдырыс Исаков кумаркананы түз эфирде тартып жаткан учурда сабалды

900

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаков сабалды. Ага Ош шаарында көмүскө иш жүргүзгөн кумаркана делген мекемени түз эфирде тартып жаткан учурда кол көтөрүү болду. Журналисттин бети, колу тытылып, кийими айрылган. Аталган жайга милиция кызматкерлери келип, журналистке кол салгандар кармалганын билдиришти.

Ушул эле окуяда «Нур» телеканалынын кабарчысы да ыдык көрүп, анда клубдун күзөтчүлөрү аны мекемеге камап алып, колун кайрып, телефонундагы видеолорду өчүрүп салышкан.

Журналисттер Оштогу мейманканалардын биринде жайгашкан кумаркананы тартууга барышкан. Аларга баласы ири суммада акча уттуруп жиберген ата-эне кайрылган. Бирок съемка тартуу учурунда объекттен бир нече күзөтчү чыгып, журналистти муунтуп, тепкиге алышкан. Кол көтөргөндөрдүн арасынан бир аялды да көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, өлкөдө 2012-жылдан тарта казино жана башка кумар оюндарына тыюу салынган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.