Ошто ымыркайды таштап кеткен күкүк эне изделүүдө (видео)

730

Ошто балдар үйүнүн тепкичине жаңы төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен күкүк эне изделүүдө. Калаа милициясына наристенин ата-энесинин өздүгүн аныктоо боюнча тапшырмалар жана багыттамалар берилди.

Ымыркай азыр шаардык төрөт үйүндө. Дарыгерлердин айтымында, наристенин документтери даярдалган соң, балдар үйүнө которулат. Жаңы эле төрөлгөн ымыркайын таштап кеткен келин ошол жактагы видео көзөмөл камерага түшүп калган.