Ошто жол кырсыгы 2 адамдын өмүрүн алды

1254

Кара-Суу районунун Каратай айылында камаз менен жеңил унаа бетме-бет сүзүшкөн. Бир адам ошол жерде жан берген. Кырсыктан 4 адам жабыркап, алар ооруканага жеткирилген.

Анын ичинен 51 жаштагы киши эсине келбей, көз жумган. Ал Кытайдын жараны болуп чыкты. Калган жабырлануучулар азыр жандандыруу бөлүмүндө. Жол кырсыгына байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.