Ошто жүргүнчүгө орой мамиле жасаган жол тескөөчү жоопко тартылбайт

841

Ош шаарында жүргүнчүгө орой мамиле жасаган жол инспектору жоопко тартылбайт. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ага ылайык, «жол кыймылын тескеп турган инспектор жүргүнчү өтө агрессивдүү маанайда турганын көрүп, тапанчамды тартып албасын, — деп аны түртүп, өзүнөн алыстатууга мажбур болгон. Ошондой эле, аталган башкармалыктын инспектору жүргүнчүнү өз убагында милиция кызматкерлерине өткөрүп берүүгө жетишпей калган.

Белгилей кетсек, окуя Ош шаарынын Ленин жана Мамажанов көчөлөрүнүн кесилишинде «Хендай Портер» унаасын башкарып бара жаткан айдоочу байкабай каршы тилкеге чыгып, кичи автобустун жолун тороп калган. Автобустун ичинен түшкөн жүргүнчү, жол тескөөчүсүнө кыйкырып баштаганда, инспектор аны төштөн ары түрткөн.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.