Ошто жыл башынан бери 43 бала үйүнөн качкан (видео)

857

Ош шаарында жыл башынан бери 43 бала үйүнөн качкан. Алар ата-энелери менен болгон пикир келишпестиктен улам башка жерде жашырынып жүргөнү аныкталган. Өспүрүмдөрдүн жоголушу жакындарын эле эмес, коомчулукту да бушайман кылууда. Анткени ай башында Жалал-Абадда 7 жаштагы окуучу уурдалып, муунтуп өлтүрүлгөн.

Жакында эле дагы бир өспүрүм үйүнөн көп жолу качып кетип жатканы кабарланган. Кийин сураштыра келгенде, бала апасы менен тил табыша албай жатканын билдирген.