Оштогу №20 мектеп имаратынын курулушу качан бүтөт? (видео)

780

Ош шаарындагы Исхак Раззаков атындагы мектепте окугандардын ата-энелери окуу жайдын имаратынын курулушун тезинен бүтүрүүнү өтүнүп, бийликке кайрылышууда. Мектептин имараты бир нече жыл мурда авариялык абалда деп табылып, анда окутуу токтотулган. Жер титирөөдөн кийин имараттын дубалдарынан жарака кетип, ал урап калуу коркунучу пайда болгон.

Кооптуу имараттан чыгып кетүүгө аргасыз болгон окуучулар жакынкы мектепке көчүрүлгөн. Натыйжада, 900 орундук мектепте, азыр 2500 окуучу билим алууда. Бул албетте окутуунун сапатына зыянын тийгизип жатат, дешет ата-энелер. Балдар имаратка батпай 3 нөөмөттө окуп, бир партада үчтөн отурууга аргасыз.