Оштогу Ак-Буура суусунун боюндагы жер талашка түштү (видео)

1148

Ак-Буура дарыясынын Ош шаарындагы жээгине тосмо орнотулушу — жергиликтүү тургундардын нараазычылыгын жаратты. Алар муну мыйзамсыз деп айтышууда. Буга чейин мэрия жээктин бул тилкеси тосулбайт, деп убада бергени менен Ак-Буура суусунун боюндагы жерди ээлеп алгандар — жээкти темир тосмо менен коргондоп алышкан. Учурда ал аймакта жайгашкан Курманжан-Датка кичи районунун тургундары Ак-Буурага жолой албай калдык, деп нааразычы болуп, жергиликтүү бийликке кайрылышты. Ал эми Ош шаардык мэриясы Ак-Бууранын жээгинде буга чейин курулуп калган объектилерди мыйзамдаштыруу аракеттерин көрүп жатыптыр.