Оштогу балдар лагери 8 жылдан бери иштебей турат (видео)

1385

Ош шаарында жайкы каникулда окуучулардын эс алуусуна шарт жок. Мэрияга караштуу жападан жалгыз муниципалдык лагерь 8 жылдан бери иштебей турат. 2010-жылдагы Ош коогасында ал жерге жабырлануучулар жайгаштырылып, алар 7 жыл бою лагерди бошотушкан эмес. Былтыр гана эс алуучу жай толугу менен бошотулуп, ремонт иштерин жүргүзүү пландалган. Бирок өткөн жылы эле убадаланган оңдоп-түзөө иштери бүгүнкү күнгө чейин баштала элек. Ал арада, лагердин акыбалы өтө кейиштүү болуп калган. Имараттары авариялык абалга келип, балдар аянтчаларындагы шаймандар эскирип, кооптуу болуп калган.