Оштогу «финансылык пирамидалардын» курмандыктары (видео)

1089

Былтыр Ош шаарында «финансылык пирамидалардын» схемасы менен иштеген ар кандай фирмаларга миңден ашуун адам 15 миллион сомдон ашык каражатын алдатып жиберген. Бул тууралуу тартип сакчылары билдиришти. Айтымдарында сумма мындан да бир топ жогору болушу толук мүмкүн. Себеби айрымдары укук коргоо органдарына кайрылбай эле, акчаларын оозеки доолап жүрүшөт. Учурда акча алдап алган шылуун компаниялардын бир нече өкүлү кармалды. Жакынкы күндөрү бул иш боюнча соттук отурум болгону жатат. Ал арада алдамчылардан жабыркагандар бүгүн нааразычылык акциясына чыгышты. Алар адилеттүү соттук чечим чыгарынан күмөн санап жатышканын айтышууда.