Оштогу казино чуусу. Журналист сабалды (видео)

1162

Ошто бир эле адам 6,5 миллион сомдук мүлкүн уттуруп жиберген казино аныкталды. Акыркы унаасын алдырган кишинин атасы жардам сурап милицияга эмес, журналисттерге кайрылды. Кабарчылар кумаркананын чоо-жайын билүү үчүн барганда, күзөтчүлөр тарабынан ур-тепкиге кабылды. Эң кызыгы, буга чейин ушул эле жай боюнча төрт жолу кылмыш иши козголуп, бирок сотко жетпей жабылып калган.

Ал гана эмес, көмүскө кумаркананы аныктаган милиция кызматкерлери өздөрү суракка чакырылган. Азгырылгандардын канын соргон казинолорду калкалагандар кол тийбестерби?