Оштогу Кулатов кичи районунда базардын ордуна аллея курулат

1147

Ош мэриясынын маалыматы боюнча, Кулатов кичи районундагы аллея курулчу жердеги соода күркөлөрүн бузуу иштери 9-январда башталды.

Мэрия билдиргендей, базарда иштеп келген соодагерлер каршылык көрсөткөн жок. Ошондой эле аллеянын курулушу боюнча шаардык активисттер, жарандык коом жана бийлик өкүлдөрү катышкан тегерек үстөл болуп өттү. Анда аллеянын долбоору тааныштырылды. Ага ылайык, аллеянын узундугу 850 метрди түзөт. Ага бак тигилип, отургучтар орнотулат.

Оштогу Кулатов кичи районунда базарды сүрүп, ордуна аллея куруу тууралуу мэриянын токтому былтыр ноябрда чыккан. Айрым соодагерлер буга каршы чыгып, аллеянын курулушун 2025-жылга чейин жылдырууну бийликтен өтүнүшкөн. Бирок шаар мэриясы базар жайгашкан жер муниципалдык менчик экенин, ал жерге ээлик кылууга бир жылдык мөөнөткө гана келишим түзүлгөнүн, келишимдин мөөнөтү 2019-жылы январда аягына чыкканын кабарлаган.

Баштапкы маалыматтарга караганда аллеянын курулушуна шаар бийлиги 30 млн. сом сарптамакчы.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.