Оштогу санитардык көзөмөлдөө борбору — антисанитардык абалда (видео)

1480

Ош шаарынын санитардык абалын көзөмөлдөгөн борбордун өзү антисанитардык абалда. Мындай тыянакты калаадагы коомдук тамактануучу жайларды текшерүүгө алган депутаттык комиссия чыгарган. Ош шаардык ооруулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык борбору коомдук жайлардын, билим берүү мекемелеринин жана тамактануучу жайлардын санитардык абалын көзөмөлдөөчү орган болуп эсептелет. Бирок шаардык депутаттар лабороториядагы антисанитардык абалда тийиштүү деңгээлде изилдөө жүргүзүлүшүнөн күмөн санашууда. Андыктан депутаттык комиссия мындай мүчүлүштүктөрдү жоюу үчүн мекеменин жетекчисине эскертүү берди.