Оштогу штабтардын бири биометрикалык маалымат чогултуу пунктуна айланды

876

Президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековдун Ош шаарындагы Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан штабы биометрикалык маалымат чогултуу пунктуна айланды. Ал жерге жергиликтүү тургундар келип өздүк маалыматтарын тапшырып жатышканына НТСтин жана «Азаттыктын» журналисттери күбө болушкан.

Бул боюнча комментарий алуу аракетинен майнап чыккан эмес. Себеби жабдууну иштетип жаткан адамдар эч кандай түшүндүрмө бербей, иш орундарын таштап, кетип калышкан. Көп өтпөй ал жердеги аппараттар башка жакка ташылып кетти. Мамлекеттик каттоо кызматынын Ош шаардык башкармалыгынын жетекчиси Ринат Алиев болсо, биометрикалык маалымат чогултуучу жабдыктар кандайча Жээнбековдун штабына берилип кеткенин билбей турганын айткан.

Ал эми аталган аймактагы №3-кварталдык комитетинин башчысы Нажип Эрбабаев болсо, башка имарат жок болгондуктан Жээнбековдун штабында биометрикалык маалымат чогултуу жүрүп жатканын билдирген.