Оштогу штабтын өкүлдөрү өз коопсуздугу үчүн кооптонушууда

728

Өмүрбек Бабановдун Ош шаарындагы штабынын өкүлдөрү Сабыржан Алимов менен Тахир Касимов өз коопсуздугу үчүн кооптонуп, жашырынып жаткандыктарын НТСтин редакциясына билдиришти.

Эске салсак, 2 күн мурда бул жарандарды милиция кармап, «шайлоочуларга добуш сатып алуу үчүн акча таратканы баратыптыр» деген маалымат чыгарышкан. Көп өтпөй, видеодогу адамдар аларга милиционерлер кысым көрсөтүп, «унаага баңгизатын салып коюбуз» деп коркутуп, уруп-сабап, жалган көрсөтмө алышып, даяр арызга кол койдурганын айтып чыгышкан.

Бүгүн болсо жашырынып жаткан Сабыржан Алимовдун аялы укук коргоо органдарына арыз жазып, анын күйөөсүн бирөөлөр уурдап кеткенин билдирген. Ал эми Алимов менен Касимов бүгүн НТС телеканалына интервью берип, аларды эч ким уурдабаганын, болгону чындыкты айтып чыккандары үчүн аларга карата кысым күч алганынан коркуп, жашырынып жатышканын билдиришти.