Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплексине 70 жыл (видео)

2171

Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин уюшулганына 70 жыл жана ал ЮНЕСКОнун маданий баалуулуктар тизмесине киргенине 10 жыл болду. Бул мааракенин урматына быйыл бир жыл бою Сулайман-Тоого арналган 7 көргөзмө уюштурулат. Бул аптада болсо “Тарых катылган сүрөттөр” аталышындагы көргөзмө өтүүдө. Анда музей комплекстин түптөлгөн күнүнөн тарта тартылган сүрөттөрдү көрүүгө болот.

Ош шаарынын чок ортосунда Ак-Буура дарыясынын сол жээгинен орун алган Сулайман-Тоодо музей-комплексинде коло дооруна таандык петроглифтер, жер астынан табылган байыркы мончо жана мейманкана калдыктары бар.