Оштогу «Сулайман-Тоо» тарыхый комплексинде жаңжал! (видео)

1215

«Сулайман-Тоо» тарыхый комплексинин кызматкерлери жетекчисин иштен кетирүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, директору кол алдындагыларга орой мамиле жасап, басынтып турат. Ошондой эле, бюджеттик жана кайрымдуулуктан түшкөн каражаттар максатсыз пайдаланылууда дешет. Музейдеги экспонаттар реставрацияга муктаж болуп турганда каражат туура эмес сарпталып жатканы айтылды. Ал эми жетекчинин айтымында, тарыхый жайда реформалар жүрүп, кошума каржы булактары табылууда. Бирок топ адамдар ишке тоскоолдук жаратып жатканын айтат. Эми Сулайман-Тоодогу абалды Маданият министрлигинде түзүлгөн комиссия иликтемей болду.