Оштогу үйдү тоноого катышкандардын арасында 3 кыз болгон (видео)

1190

Ош шаарындагы үйдү тоноого мурда эки жолу соттолгон өспүрүм кыздын катыштыгы бар экени аныкталды. 16 жаштагы кыз буга чейин окуучуну катуу сабап, анын видеосу интернетте жарыяланган. Бул окуя боюнча Ош шаардык милициясы иликтөө жүргүзүп, мушташтын катышуучуларын кармаган. Бирок көп узабай, чоң муштум өспүрүм кыз үйүнө кое берилген.

Эми ал каракчылык боюнча шектелип, кармалып отурат. Андыктан тартип сакчылар бейбаш кызга карата эмне себептен чара көрбөй келген деген суроо жаралат. 2 күн мурда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирген каракчылар үй ээсин коркутуп, кымбат баалуу буюмдарын жана ири суммадагы акчасын тоноп кетишкен.