Оштогу жаңы көпүрөдөн маршрутка кулап кетти (видео)

749

Ошто эстакадалык көпүрөдөн кулап түшкөн чакан автобустун бир жүргүнчүсүнүн абалы оор бойдон калууда. 48 жаштагы аялдын эки омурткасы сынып, баш мээси чайкалган. Жаракат алган дагы 2 адам ооруканада даарыланууда. Эки күн мурда Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөдөн он чакты жүргүнчүлөрү менен маршрутка кулап түшкөн.

Авариянын натыйжасында 6 адам ооруканага кайрылып, учурда алардын үчөө дарыланууда. Бир жүргүнчүнүн абалы оор, дешет дарыгерлер. Бул окуядан кийин маршруттук таксилердин айдоочулары канчалык деңгээлде коопсуздук эрежелерин билээрин текшерүүнү талап кылгандар көбөйдү. Укук коргоо органдары бул боюнча кандай чара көрүүдө?