Оштогу жол кырсыгында 3 адам набыт болду. Арасында 2 айлык наристе бар

813

Ош-Араван жолунда эки жеңил унаа сүзүшүп, 3 адам каза болду. Арасында 2 айлык наристе бар. «Тойота Ипсум» үлгүсүндөгү унаа Оштон Араванды көздөй бара жатып, каршы тилкеге чыкканда «Жигули» унаасы менен кагышкан.

Мунун кесепетинен «Жигулинин» айдоочусу, унаанын ичиндеги 2 айлык наристе жана дагы бир жүргүнчү окуя болгон жерден мерт кеткен. Ал эми төртүнчү жүргүнчү Араван аймактык ооруканага жеткирилген.

Алынган маалыматтар боюнча, «Тойота Ипсум» унаасында 2 адам болгон. Алар жабыркаган эмес. Учурда бул кырсык боюнча Араван райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан териштирүү иштери жүрүп жатат.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.