Оштон Бишкекти көздөй соттолгондорду ташып келе жаткан унаа оодарылып кетти

841

Бул маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы тактап, анда бир кызматкер менен 2 соттолгон адам жаракат алганы белгилүү болду. Окуя Суусамыр өрөөнүндөгү «Париж» деп аталган аймакта болуп, 42 соттолгон адамды 4 конвоир автомат менен кайтарууга алып, кийинки унааны күтүп жатышкан сүрөттөрү «Кактус медиа» сайтында жарыяланды.

Окуя болгон жерди Патрулдук милиция кайтарууга алган. Ал эми жаракат алгандар Жайыл райондук ооруканасына жеткирилген. Жаза аткаруу кызматы кабарлагандай, кырсыкка кабылган автомашинадагы соттолуучулардын эч кимиси качкан жок.