Оштун мэриясы уйду эмнеге сатып алды? (видео)

1011

Ош шаарында эттин баасы негисизсиз кымбаттатылганбы? Эске салсак, буга чейин түштүк борбордун тургундары эттин наркы өтө кымбат болуп жатканын айтып, шаар жетекчилигине нааразычылыгын билдиришкен. Көп өтпөй Оштун мэриясы шаар бюджетинен 50 миң сом бөлүп, атайын эксперимент жасай турганын айткан. 9 кишиден турган атайын комиссия түзүлүп, бөлүнгөн акчага алар бир баш бодо мал сатып алышып, анын эти базарга чыгарылган. Бул тажыйырбанын максаты — этти кандай баада сатса жетиштүү пайда түшөөрүн аныктоо. Натыйжада, азыркыдан төмөн нарк коюлса деле пайда түшөрү аныкталып, ишкерлерге эттин баасын 315 сомдон көтөрбөө талабы коюлган. Эми бул талап Оштун базарларында аткарылып жатабы?