Оштун тургундары: Талапкерге каршы чагымчылык уюштурууга жол берилбейт

780

Президенттикке талапкерлердин биринин эртең Кара-Суу районунда эл менен жолугушуусу учурунда чагымчылык уюштурууга жол берилбейт. Бул тууралуу Ош шаарынын тургундары бүгүн маалымат жыйынында билдиришти. Алардын айтымында, жергиликтүү жашоочулар талапкерлердин баарына бирдей мамиле кылат жана кандидаттардын программасын угууга даяр.

Буга чейин 7-8-октябрда оппозициялык талапкердин эл менен жолугушуусу учурунда провокация уюштуруу үчүн спортчулар жана аялдардын тобу чогултулуп жатканы, бул үчүн ири сумма бөлүнгөнү тууралуу маалымат тараган. Бул боюнча жарандар укук коргоо органдарына кайрылып, тартип сакчылары коопсуздук камсыздалаарына кепилдик беришкен.