Оштун вице-мэри Жасур Азимовго байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөт

899

Мас абалында унаа айдап бара жаткан жеринен кармалган Оштун вице-мэри Жасур Азимовго байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлашты.

Жетекчи дем алыш күнү 24-августта кечинде борбордук аянтка өтүүгө салынган жол менен киргени үчүн токтотулган. Бул окуяны чагылдырган видео интернетке жарыяланган. Мында вице-мэр Ташкенттен келген конокторго Ош шаарын көрсөтүп жүргөнүн айтып, мас абалда экендигин мойнуна алып, тасмага тартып жаткан адамды оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Андан соң Жол коопсуздук кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөтпөстөн наркология бөлүмүнө текшерилүүгө барып, унаасын айып аянтчасына киргизген. Өзу болсо үйүнө жөө кеткен.

Оштун вице-мэри Жасур Азимов унааны өзү башкарып жүрбөгөнүн, бирок өзүнө таандык унаа экенин билдирген. Ош шаардык мэриясы вице-мэрди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери видеого тартып, шылдыңга алганы туура эмес деп баалап жатышат.

Мындан улам бул видеону интернетке тараткан милиция кызматкеринин иш-аракетине Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы баа берет деген пикирлерин билдиришүүдө. Ош шаары боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү вице-мэр Жасур Азимовго 17 миң 500 сом айып салынганын маалымдады.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.