Оскар-2019: «Жашыл китеп» — эң мыкты кино тасма деп табылды

1161

Дүйшөмбүгө караган түнү Лос-Анджелесте америкалык киноакадемиянын «Оскар» сыйлыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чара 30 жылдан бери алгачкы жолу алып баруучуларсыз өттү.

Режиссер Питер Фореллинин АКШдагы расалык бөлүнүү мезгилине арналган «Жашыл китеп» (Green Book) эмгеги «Жылдын эң мыкты тасмасы» деп табылды.

«Эң мыкты режиссер» номинациясын «Рома» тасмасы үчүн мексикалык режиссер Альфонсо Куарон алды. Мындан тышкары анын бул эмгеги чет тилиндеги мыкты тасма деп табылып, оператордун мыкты иши үчүн америкалык киноакадемиянын статуэткасын алды. Буга чейин «Рома» тасмасы Венеция кинофестивалында «Алтын арстан» сыйлыгын утуп алган.

Эркектин мыкты ролу сыйлыгына «Богем рапсодиясы» тасмасында Фредди Меркьюринин ролун жараткан Рами Малик ээ болду. Аялдын мыкты ролу номинациясында «Оскар» сыйлыгы «Фаворитка» тасмасындагы ролу үчүн Оливия Колманга ыйгарылды.

Эң мыкты өзгөчө сценарий сыйлыгына «Жашыл китеп», эң мыкты адаптацияланган сценарий сыйлыгына «Кара клан кишиси» тасмалары татыды.

Экинчи пландагы эркектин мыкты ролу номинациясында «Жашыл китептеги» ролу үчүн Махершалы Али, экинчи пландагы аялдын мыкты ролу номинациясында «Бил-стрит сүйлөй баштаса экен» тасмасындагы ролу үчүн Режина Кинг сыйланды.

Күтүлгөндөй эле мыкты грим сыйлыгы АКШнын вице-президенти Дик Чейн жөнүндөгү Адам Маккейндин «Бийлик» тасмасына ыйгарылды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.