«Осьминог» ресторанын атайлап өрттөшкөнбү? (видео)

1107

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы «Осьминог» рестораны атайлап өрттөлгөн болушу мүмкүн. Бул тууралуу жабырлануучулар айтышууда. Себеби буга чейин алардын дарегине ар кандай коркутуулар болуптур. Эске салсак, 7-январдын танында Ысык-Колдун Бостери айылында ресторан толугу менен күйүп кеткен. Анда жалын жакын жайгашкан башка обьекттерге да өтүп, натыйжада дагы 3 конок үйүн өрт каптаган. Жабырлануучулардын айтымында, тилсиз жоо келтирген чыгым 15 миллион сомго жакын. Учурда бул окуя боюнча милиция кылмыш ишин козгоп, териштирүү жүрүүдө. Ири чыгым алып келген эс алуу жайынын өрттөнүп кетишине кимдер кызыкдар?