Осмонбек Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу ооруканага чыгарылды

621

Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ден соолугу начарлаганына байланыштуу ооруканага чыгарылды. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди. Анын айтымында, эл өкүлүнүн жүрөгү ооруган. Дарыгерлер ага аритмия, астма деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан. Алардын чечими менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында отурган депутатты Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология борборуна жаткызышты.

Эскерте кетсек, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда.

Ошондой эле экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кан басымынын жогору экенин айтып нааразы болуп жаткандыгы маалым болду. Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун башчысы Нурдин Сулайманов билдиргендей, Жантөрө Сатыбалдиев кан басымы жогору болгондуктан, ооруканага которууну суранып арыз менен кайрлыган. Тергөө абагынын администрациясы керектүү дарылардын баары берилип жатканын билдиришсе, Сатыбалдиев болсо аны жетишсиз экенин билдирип, текшерүүдөн өтүшү керек экендигин айтууда.

Эске салсак, 20-июнда Жантөрө Сатыбалдиев тергөө абагына соттун чечими менен калтырылган. Ага дагы Бишкек Жылуулук электр борборунун модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жемкорлук айыбы тагылууда.