Осмонбек Артыкбаев ооруканадан кайра абакка которулду

516

Камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев ооруканадан кайра Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына которулду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Артыкбаев мындан 10-15 күнчө мурдараак ден соолугу начарлаганына байланыштуу абакта олтурган жеринен Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна чыгарылган. Борбордун директору Айнагүл Жумагулова депутат аларга жүрөгү кармап түшкөнүн, бир сыйра текшерүүдөн өтүп жатканын айткан. Дарыгер ошондой эле Осмонбек Артыкбаевге операция жасалаарын да ырастаган эле.

Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган. Ал Бишкек Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) айланасындагы жаңжалга байланыштуу айыпталууда. Тергөөнү УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.