Өспүрүм 2 жыл өгөй атасы зордуктаганын айтууда (видео)

1573

Токмок шаарында 15 жаштагы кыз өгөй атасы тарабынан зордук-зомбулукка кабылганы маалым болду. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкапаров айтып чыкты. Ага жабырлануучунун таянеси менен тайэжеси жардам сурап кайрылышып, жээн небереси 2 жылдан бери зордуктоого кабылып келгенин айтышкан.

Факты кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы менен иш ордунан жылбай жатат, — дейт жактоочу. Чүй областтык милициясы болсо бул окуя боюнча териштирүү жүрүп жатканын билдирди. Жабырлануучу өз өмүрүнө кол салуу коркунучу жаралгандыктан атайын ооруканага жаткырылыптыр.