Өспүрүм кызды зордуктоого шектелген жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди

1385

Токмокто 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген өгөй атасы убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирди. Анын айтымында, кечээ 21-декабрда Токмок шаарынын прокурору ага телефон чалып, жабырлануучунун таенесине баруусун суранган. Ал жерден кыздын таенеси өгөй атасына каршы көрсөтмө берген. Ошондон кийин эле, зордуктоого шектелген жаран 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Өткөн жумада Токмок шаарынын 15 жаштагы тургуну өгөй атасы аны 2 жылдан бери зордуктап келгени аныкталган. Жабырлануучунун адвокаты берген маалымат боюнча, өспүрүмдүн апасы бул жөнүндө билип, бирок унчукпай келген. Кыз зордуктоо жөнүндө чоң апасына, анан жеңесине айтып берген. Алар милицияга кайрылышкандан кийин бул факты 5-декабрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.