Өспүрүм кыздын кайрымдуулук акциясы (видео)

1222

Жатак мектептин окуучуларына жаңы жылдык белек. Бишкек шаарында 14 жаштагы мектеп окуучусу кайрымдуулук акциясын өткөрүп, акча топтой баштады.

Чогулган каражатка жаңы жылдын алдында көзү азиз жана көрүүсү начар балдардын жатак мектебинин окуучуларына белектер алынып, тапшырылат экен. Өспүрүм кыздын мындай демилгесин анын жакындары, мугалимдери менен классташтары да колдоого алышкан.