Өспүрүмдөрдүн мушташы бир баланын өлүмү менен аяктады (видео)

975

Бишкек шаарында №48-мектептин окуучуларынын мушташы 9-класста окуган баланын өлүмү менен аяктады. Маалыматтарга караганда, 27-май түнү калаадагы балдар ооруканасына эс-учун жоготкон өспүрүм келип түшүп, эртеси күнү абалы оорлошуп каза тапкан.

Окуя боюнча «ден соолукка оор зыян келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелүүдө. Ошондой эле, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы да комиссия түзгөнү белгилүү болду.