Өсүмдүк майы арзандап, күрүч кымбаттады (видео)

1575

Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майга болгон баалар дагы көтөрүлүшү мүмкүн. Өлкөнүн нефтетрейдерлер ассоциациясынын өкүлдөрү Россиядагы заводдордо мунайдын наркынын кескин жогорулап кеткенин айтып, коңгуроо кага башташты. Айтымдарында, азырынча канча сомго көтөрүлөрү так белгисиз. Ал учун атайын анализ жүргүзүлүшү шарт.

Ошол эле убакта, бензин, солярканын баасынын жогорулашы азык-түлүктөрдүн бааларына да таасир этип, дагы кымбаттап кетиши мүмкүн экени белгиленүүдө. Ансыз да учурда базарларда күрүч, чай, сүт азыктары кескин кымбаттап жатканы байкалат. Сатуучулар көбүнесе тыштан импорттолгон товарлардын наркы өсүп жатканын айтышууда.