Өсүп келе жаткан муунду кооптуу видеодон коргоо демилгеси (видео)

2537

Өсүп келе жаткан муунду интернеттеги ар кандай терс контенттерден коргоо боюнча элдик демилге коомдук талкууга чыгарылды. Буга чейин бир катар активисттер кол чогултуп, балдардын укугун жана психикалык саламаттыгын коргоо жаатында документ иштеп чыгууну сунушташкан. Демилгени бир топ депутаттар да колдошууда.

Буга акыркы жылдары өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун өсүп жатканы негиз катары көрсөтүлгөн. Адистердин айтымында, буга бирден-бир себеп интернет айдыңында атайын чыпкадан өтпөгөн терс видеоматериалдардын балдар үчүн жеткиликтүү болушу.