От жагууда эреже сакталбай, бир жума ичинде 5 адам ажал тапты (видео)

1484

Бишкекте көмүр жагылган меш жарылып, андан жаракат алган атасы менен уулунун абалы оор бойдон калууда. Ал эми 34 жаштагы келиндин денесинин 80 пайызы күйүп калгандыктан, анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Ушундай эле каргашалуу окуя жакында эле Нарындын Кочкор районунда катталган. Анда 38 жаштагы келин 3 кызы менен иске ууланып каза болушкан. Бир үй-бүлөдөн 5 жаштагы баласы гана аман калган. От жагууда эреже сакталбагандыгынан бир жума ичинде 5 адам ажал тапты.