Өткөн дем алыш күндөрү бир нече жол кырсыгында 10 адам каз тапты

982

Өткөн дем алыш күндөрү бир нече жол кырсыгында 10 адам каз таап, бир нече киши жаракат алды. Баткен областынын Кадамжай районунда «Мерседес-Бенц» микроавтубусу менен «Матиз» унаасы кагышып, «Матизде» бир үй-бүлөнүн мүчөсү болгон 4 адам каза тапты. Алар 44 жана 43 жаштагы жубайлар жана алардын 15 жана 1 жаштагы балдары. Тартип сакчыларынын айтымында, алардын 13 жаштагы дагы бир баласы оор абалда ооруканада.

Мындан тышкары, Бишкек-Ош жолунда 2 кырсык катталып, беш киши набыт болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аталган трассанын 203-чакырымында «Хонда Фит», «Вольво» жана жук ташуучу ууналары кагышкан. Бул кырсыктан 3 жүргүнчү набыт болду. Көп өтпөй Бишкек-Ош жолунун 267-чакырымында «Фольксваген Гольф» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, дарыяга түшүп кетип, 2 жүргүнчү набыт болду.

Жыл башынан бери эле 3 миңге жакын жол кырсыгы катталып, каза тапкандардын саны 420га жетти.