Отставкадагы милиционер журналистти 50 млн сомго сотко берди (видео)

899

Ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үстүнөн кайрылып, ага дал ушундай көлөмдөгү моралдык чыгым келгенин айткан. Эки апта мурда журналист Ыдырыс Исаков «салыктан буйтаган ишкерлер» тууралуу иликтөөсүн жарыялап, анда ишкер Жалил Атамбаевге байланыштуу бизнестер жана андагы салыктан качуунун күмөндүү схемалары баяндалган болчу.

Бул иликтөө жарыяланган соң Финансы полициясы “Салык төлөөдөн жана милдеттүү төлөмдөрдөн качуу” беренесинин негизинде текшерүү ишин баштаган болчу. Учурда тергөө иштери жүрүп жатыптыр. Ал арада, ишкер Жалил Атамбаев журналист менен кошо, анын иликтөөсүндө күмөндүү схемаларды ачыкка чыгаргандардан да 5 миллион сом өндүрүүнү суранып жатыптыр.