Өз апасы менен таянеси көрсөткөн кордуктан кутулган наристе (видео)
802
Чүй районунун Кара-Дөбө айылында таянеси менен өз энесинен кордук көргөн 4 жаштагы бөбөк балдар үйүнө жайгаштырылды. Ал он күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон. Байжанга психологиялык жактан жардам көрсөтүлүшү керек, дейт дарыгерлер. Анткени ал аябай коркуп, чүнчүп кеткен.
Өлкө боюнча жүргүзүлүп жаткан үймө-үй кыдыруу өнөктүгүнүн алкагында жакындарынан кордук көргөн балдар аныкталууда. Үрөй учурган дагы бир факты Чүй областынын Кара-Дөбө айылында аныкталды. Бөбөктү энеси такыр эле караган эмес. Ал аз келгенсип, баласын уруп-сабап келген.