Өз атасынан төрөгөн 15 жаштагы кыз баласынан баш тартты

1199

Өзгөн районунда өз атасынан боюна бүткөн 15 жаштагы кыз Ош шаарындагы төрөт үйүндө көз жарган. Бул тууралуу «Ак жүрөк» кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекова билдирди.

Ош облустук төрөт үйүнүн өкүлдөрү айтышкандай, эне-баланын абалы жакшы. Бала азырынча ымыркайлардын жандандыруу бөлүмүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ымыркай Ош шаарындагы балдардын реабилитациялык борборуна өткөрүлүп берилет.

Кыздын апасы 2013-жылы оорудан улам көз жумган. Ал бир туугандары менен кошо атасынын колунда калган, мектепке барган эмес.

Быйыл 20-январда Өзгөн райондук милициясы атасын өз кызын зордуктаган деп шек санап, камакка алган. Милициянын маалыматы боюнча, атасы психикалык оору менен жабыркайт.

Учурда кыздын атасына козголгон кылмыш иши Өзгөн райондук сотунда каралууда.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.