Өз атасынан төрөгөн 8-класстын окуучусу (видео)

1178

Чүй областынын Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылында төбө чачты тик тургузган окуя катталды. Аталган аймакта 8-класстын окуучусу өз атасынан төрөгөнү аныкталган. Ымыркай 2 ай мурда эле жарык дүйнөгө келгени менен чуулгандуу окуянын ачыкталганына бир нече эле күн болду.

Шектелген адам камакка алынганы менен жаңы торолгон баланын дайын-дареги белгисиз. Секелек кыздын жакындары жаны төрөлгөн ымыркай Жаңы-Жер айылынын аймактык ооруканасында калганын айтышса, ак халатчандар наристени өз энеси алып кеткен деп билдиришүүдө.