Өз баласын тепкен ата күнөөсүн мойнуна албай жатат (видео)

3015

Өз баласын тепкилеген ата кызматынан бошотулду. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигинин айтымында, ал Сокулук райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген. Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда анын баш коргоо чарасы каралат. Эске салсак, эки күн мурда интернетте жерге жыгылып тура албай жаткан баласын буту менен катуу тепкен ата көпчүлүктү катуу кыжырланткан. Укук коргоочулар зөөкүр атаны катуу жазалоону талап кылып чыгышкан. Ал эми айыпталуучу бул тасма монтаждалган деп күнөөнү толугу менен мойнуна албай жатканы айтылууда.