Өз балдарына зордук-зомбулук көрсөткөн ата (видео)

1403

Өз балдарына зордук-зомбулук көрсөткөн ата мыйзам чегинде жазаланышы керек. Бул туурасында запкы көргөн бөбөктөрдүн апасы билдирди. Үч күн мурда Сокулук районунун аймактык ооруканасына 3,5 жана 5 жаштагы балдар сабалган абалда келип түшкөн.

Наристелердин бири эс учун жоготуп, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткырылган. Күбөлөрдүн айтымында, бөбөктөр өз атасы тарабынан сабалган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.