Өз энесин сабаган уул… (видео)

796

Өз баласынан кордук көргөн ата-энелер мамлекеттен жардам сурайт. Өткөн аптада НТС телеканалында уул-кыздары тарабынан зомбулукка кабылган карыялар тууралуу материал кеткенден кийин биздин редакцияга кайрылган ата-апалардын саны өстү. Алардын көпчүлүгү балдарынын ур-токмогуна кабылып, кордолуп жатканын ачыкка чыгаруудан коркуп жатканын билдиришти. Бирок оор күндү баштарынан өткөрүп жатканын айтып, ыйламсырашат.

Ал эми Токмок шаарынын 75-жаштагы тургуну өз баласынын кордугуна чыдабай, бул жолу көйгөйүн ачык айтып чыкты. Вера Яблонская бүгүнкү күндө 54кө чыгып калган баласы менен жашайт экен. Ал ичип алып, энесине тынчтык бербегине аз келгенсип, кол көтөрүп, ур-токмокко алары белгилүү болду. Кары адам бир нече жолу милицияга да кайрылып чара көрүүнү өтүнгөн. Бирок жыйынтык жок дейт.