Өз күчү менен илдетке каршы тургандар (видео)

627

Колунан көөрү төгүлгөн ондогон айым өз күчү менен рак оорусу менен күрөшүп келет. Бейтап айымдар чакан цехте экобаштык тигип сатышат. Түшкөн акча өздөрүнүн химиялык терапия жана башка дары-дармектерине жумшалат. Коркунучтуу ооруга чалдыкканына карабастан иш менен алектенген айымдар бир процедура 50 миң сомдон өйдө болгондуктан, каражат чогултуу оңой эмес экенин айтышууда.

Ошентсе да тагдырлаш аялдар бири-бирин моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоо көрсөтүп, жардамын аяшпайт. Дарыланууга акчасы жок кыз-келиндер каражат чогулган сайын улам бирөөнүн химиялык терапиясы үчүн кезектешип төлөшөт.