Өз кызына ыдык көрсөткөн ата (видео)

2852

Чүй областында өз кызын зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран камакка алынды. Кылмышка шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал күнөөсүн мойнуна алган жок. 3 күн мурда 19 жаштагы кыз Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, атасы тарабынан сексуалдык ыдык көргөнүн айтып, ага чара көрүүнү өтүнгөн.

Бирок окуя болгон айылдын тургундары буга ишенбей жатышат. Эскерте кетсек, жакында эле Жалал-Абадда 20 жаштагы жигит 2 бөлөсү менен айылдашы 10 жылдан бери зордуктап келгенин айтып, милицияга кайрылган.